Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк рейтингдин сап башында
Спорт
Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк рейтингдин сап башында

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 1-орунга жайгашты. 

Балбан кыз мындай ийгиликке 8-13-июнь күндөрү Польшанын борбору Варшавада өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль уткандан кийин жетти. 

Тыныбекова бул мелдештин финалында канадалык Анна Паула Годинез Гонзалезди 7:1 эсеби менен жеңген. 

Ошондой эле коло медаль жеңген Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакка чейинки категориядагы спортчулардын рейтингинде 3-орунга илинди. Ал эми Айпери Медет кызы 5-орунга, Нураида Анаркулова 9-орунга жайгашты.