Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстан менен Япония беттешет
Спорт
Бүгүн Кыргызстан менен Япония беттешет

Япониянын Суита шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2022-жылдагы дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылкы Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында Япония менен беттешет.

Оюн Бишкек сааты менен 16:25те КТРК Спорт каналы аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, футбол боюнча курама буга чейин 7-июнь күнү Монголияга каршы чыгып, 1:0 эсебинде жеңилсе, 11-июндагы Мьянма менен болгон оюнда 8:1 эсебинде жеңип алган.