Жаңылыктар
3 миң китеп окуган Элла Зарылбекова менен маек
Билим
3 миң китеп окуган Элла Зарылбекова менен маек

Китеп окуу адамдын көз карашын өзгөртүп, дүйнө таанымды кеңейтүү менен руханий дүйнөнү байытат эмеспи. Ийгиликтүү адамдардын дээрлик 95 % китеп окуйт. Мейли ал саясатчы, актер, спортчу же бизнесмен болсун, баары бир китепке муктаж экени талашсыз.

Акыркы жылдары Кыргызстанда көптөгөн жаштардын китепке болгон кызыгуусу өсүп жатканы сүйүндүрөт. Китеп окуу гана эмес, аны тез окуу жөндөмү да актуалдуу болуп келет. Себеби тез окууну өздөштүрүү менен адам убактысын үнөмдөп, маалыматты тез кабыл алууга үйрөнөт. Мына ушул темада, китепти сүйүп окугандардын бири, өзү жаш болгонуна карабастан 3 миңден ашык китеп окуганга жетишкен Элла Зарылбекова менен маек курдук.

- Элла, саламатсызбы! Алгач, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Саламатсызбы. Менин аты-жөнүм Элла Зарылбекова. 22 жаштамын. Нарындын Миң-Булак айылынан болом. Азыр болсо Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Биология жана Химия факультетинин “Химия” адистигин аяктап жатам.

- Тез окууну өздөштүргөнүңүзгө канча убакыт болду?

- Тез окууну 6 ай ичинде өздөштүрүү менен мүнөтүнө 25 миң сөз окуган натыйжага жеттим. Бул албетте, тынбай машыгуулардын артынан келди.

- Бул ар бир эле адамдын колунан келген жөндөмбү же кээ бирлер гана үйрөнө алабы?

- Тез окуу негизи ар бир эле адамдын колунан келет. Бир гана машыгуу, көнүгүүнү туура аткаруу жана убакыт талап кылынат. Мына ушулардын натыйжасында жетсе болот.

- Канча убакытта үйрөнсө болот?

- Тез окууну 12 күндө, тагыраагы, 12 күндүк курста үйрөнүп чыгышат.

- Тез окуу менен китепти түшүнүү кыйынга турбайбы?

- Андай эмес. Тез окууда сөздөргө маани бербей эле аттап кетүү деген түшүнүк жок. Бардык сөздөр толугу менен окулат. Көнүгүү жана машыгуулардын натыйжасында көрүү талаасы кеңейет, анан бардык сөздөрдү көрүп окуганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

- Жалпы канча китеп окугансыз?

- Жалпысынан 3-4 миңге жакын китеп окугам. Азыр дагы буюрса окуп жатам.

- Суроого кыска-нуска жооп берет экенсиз. Жашоодо аз сүйлөйсүзбү?

- Жок, аябай көп сүйлөйм (күлүп). Азыр убактым азыраак болуп калды.

- Учурда эмне менен алектенесиз?

- Учурда окууну улантып жатам. Андан тышкары, “Данек” китеп дүкөнүн иштетем. Бүгүн 3 жашка чыгып жатабыз. Дүкөнүбүздүн 90% кыргызча китептер түзөт. Дүкөндү студент кезибизде ачып иштетип баштаганбыз, инстаграмда 63 миңден ашык катталуучубуз бар. Атайын сынактарды , иш-чараларды өткөрүп турабыз. Өлкөнүн бардык аймактарына , а түгүл чет жактагы жердештерибизге чейин жеткирүү кызматыбыз бар. Мактанып салдым окшойт(күлүп).

- Келечектеги пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

- Келечекте китеп жазып чыгарсам дейм. Тез окуу боюнча фото окууну иштеп чыккым келет. Китеп дүкөндү чоңойтом, региондорго филиал ачабыз буюрса.

- Маегиңиз үчүн рахмат. Ийгилик!

- Сизге да ыраазычылык. Ишиңизге ийгилик!


✏️ Эмил Жолдошев