Жаңылыктар
Новосибирсктеги өрт кырсыгы. 30дан ашуун адам жабыркады, арасында кыргызстандыктар да бар
Дүйнө
Новосибирсктеги өрт кырсыгы. 30дан ашуун адам жабыркады, арасында кыргызстандыктар да бар

Новосибирск шаарындагы май куючу жайдан чыккан өрттөн улам жарылуу болуп, анын кесепетинен 30дан ашуун адам жабыркаган, арасында кыргызстандык 3 жаран бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө Новосибирск шаарынын Октябрь районундагы Гусинобродское шоссесинде жайгашкан май куюучу жайда болгон.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облустук клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө барып, ооруканага түшкөн 1968-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу шаарынын тургуну менен жолугуп, ал-акыбалынан кабар алышты. Дарыгердин билдирүүсүнө ылайык, жаракат алган жарандын абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. 

Экинчи жаран Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну жеңил күйүк алган жана керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган. Жабыркаган үчүнчү жаран Ош облусунун Чоң-Алай районунун 1988-жылы туулган тургуну. Ал дагы жеңил күйүкалып, шок абалда болгондуктан, кырсык болгон жерден кетип калган. Кийинчерээк Башкы консулдуктун кызматкерлери менен байланышып, алардын жардамы менен ооруканага жеткирилген.