Жаңылыктар
Кыргызстан Японияга 1:5 эсебинде жеңилип калды
Спорт
Кыргызстан Японияга 1:5 эсебинде жеңилип калды

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Японияга 1:5 эсебинде жеңилип калды. 

2022-жылдагы дүйнө жана 2023-жылдагы Азия Кубогунун тандоо турунун алкагындагы беттеш Япониянын Суита шаарында өткөрүлдү. 

Оюндун биринчи бөлүгүндө эле япониялык футболчу Адо Онаиву 3 гол киргизгенге жетишти. Андан соң Гүлжигит Алыкулов пенальти жаратып, аны курама команданын капитаны Мирлан Мурзаев ишке ашырды.  1-тайм 3:1 эсеби менен аяктады.

Беттештин экинчи бөлүгүндө талаа ээлери дагы 2 гол киргизип, 1:5 эсеби менен Япония жеңишти илип кетти.