Жаңылыктар
14-августта курулушчулар күнү белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
14-августта курулушчулар күнү белгиленет

Август айынын экинчи дем алыш күнү - курулушчулар күнү катары белгиленип келет. Бул күнгө карата даярдыктар азыртан башталды. 

Майрамдын урматына карата “Курулушчулар фестивалы” аттуу концерттик программа уюштурулуп, орусиялык ырчы Валерия келет. Аны чакыруу боюнча келишимдер дайын экенин уюштуруучу топтун өкүлдөрү билдирди. 

Майрамдык иш-чарага жеке курулуш фирмаларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык курулуш мекемелеринин өкүлдөрү, эмгек ардагерлери, алдыңкы курулушчулар, жаш адистер катышат. 

Ал күнү “Спартак” стадионунда миңден ашык милиция кызматкери тартипти сактайт.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118