Жаңылыктар
Алайдын Талды-Суу айыл аймагына отурукташкан памирлик кыргыздардын короосуна береке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Алайдын Талды-Суу айыл аймагына отурукташкан памирлик кыргыздардын короосуна береке кирди

Алай районунун Талды-Суу айыл аймагына отурукташкан 17 памирлик үй-бүлөнүн ар бирине президент тарабынан 10 баштан кой, музоосу менен бирден саан уй жана бирден жылкы берилди. Эми аларга жергиликтүү бийлик короо-сарай, жайыт менен камсыздап жардам бергени жатат. 

Президент Садыр Жапаров, Алайдын Талды-Суу айыл аймагына отурукташкан Памирлик кыргыздардын короосуна береке киргизди. Ал жердеги 17 үй бүлөнүн ар бирине 10 дон кой, бирден жылкы жана бирден музоолуу саан уй берилди. Өлкө башчынын аманатын дарегине Алай районунун акими жеткирди.