Жаңылыктар
Баткендик балдар унутулгус эс алышты
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендик балдар унутулгус эс алышты

Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан айылдардын балдарынын кереметтүү Ысык-Көлдөгү 10 күндүк эс алуусу аяктады. Иш-чара кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда стресске кабылган балдарды реабилитациялоого багытталды. Уюштуруучулар алардын маанайын көтөрүү үчүн түрдүү экскурсияларды, кызыктуу оюндарды жана ар кандай көңүл ачуучу программаларды уюштуруп, маданий объектилерди кыдыртып келишти.