Жаңылыктар
Экология, экономика, социалдык тармактар бири-бирине ширелишкен
Экономика
Экология, экономика, социалдык  тармактар бири-бирине ширелишкен

Экология, экономика, социалдык  тармакты бири-биринен ажыратып кароого болбойт. Социалдык  көйгөйлөрдү чечүү менен  өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн шарттасак, айлана чөйрө өзүнөн өзү сакталат. Ал үчүн күндөлүк керектелүүчү муктаждыктарды үнөмдүү пайдаланууга өткөрүү зарыл. 

Тактап айтканда, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруунун принциптерин жана технологияларын жогорулатуу жана “жашыл экономикага” жигердүү киришүү керек. 

Экономиканын бул түрү жаратылышты коргоо жана экологиялык коркунучтарды азайтуу аркылуу жарандардын жашоо-шартын жакшыртат деп  айтышат илимпоздор.