Жаңылыктар
Бишкек жылуулук борборунда кыш-күз мезгилине карата 17 от казандын бешөө оңдолуп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек жылуулук борборунда кыш-күз мезгилине карата 17 от казандын бешөө оңдолуп жатат

Бишкек жылуулук борборунда кыш-күз мезгилине карата 17 от казандын бешөө оңдолуп жатат. Анда эскирген түтүктөр жаңысына алмаштырылууда.

Бишкек жылуулук борбору стратегиялык объект болгондуктан алгач биздин чыгармачыл топко коопсуздук эрежелерин түшүндүрдү.

Борбордо жалпысынан 17 от казан бар. Мунун бешөөндө оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Ар бир казан кышы бою иштегенден түтүктөр эскирип, тешиле баштайт. Алардын калыңдыгы, тагыраак айтканда эскиргени жаңысына алмаштырылууда.

Биз азыр ЖЭБдин 16 от казанында жанында турабыз. Мында оңдоп түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Жумушчулар азыр түштөнүүгө кетиптир. Бул түтүктөрдү тешиктерге ширетет. Өз кезегинде түтүктөргө суу толуп, буу менен ысытылат.

Азыр борбордо жалгыз 15-от казан иштеп жатат. Алгач сууну бууга айлантып, андан кийин 540 градус менен турбина цехиндеги түтүктөргө айдайт. Жыйынтыгында генератор ишке келип, электр энергиясын иштеп чыгат. Андан чыккан буу кайра иштетилип, мончо, сыра, сүттү кайра иштеткен ишканаларга берилип жатат.