Жаңылыктар
Дүйнөлүк банк ишенимдүү маалыматтардын жоктугунан улам Түркмөнстанды баяндамасына кошкон жок
Дүйнө
Дүйнөлүк банк ишенимдүү маалыматтардын жоктугунан улам Түркмөнстанды баяндамасына кошкон жок

Дүйнөлүк банк ишенимдүү статистиканын жоктугуна байланыштуу Түркмөнстанды глобалдык экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу баяндамасына кошкон жок.

"Ишенимдүү жана сапаттуу статистиканын жоктугуна байланыштуу Дүйнөлүк банк Түркмөнстан жана Венесуэла боюнча экономикалык көрсөткүчтөрдү, өлкөлөрдүн кирешеси жана өнүгүүсү тууралуу маалыматтарды жарыялаган жок. Бул өлкөлөр макроэкономикалык агрегаттардан ажыратылган", – деп жазылган баяндамада.

Быйыл апрелде Эл аралык валюта кору Түркмөнстандын расмий мамлекеттик статистикасын пайдаланууну токтоткон. Анда Ашхабад менен Эл аралык валюта кору экономиканын өсүшүн эки башка баалаган.

Түркмөнстандын статистика комитети 2020-жылы экономиканын өсүшүн 5,9% деп көрсөткөн. Ал эми Эл аралык валюта кору былтыркы өсүштү 0,8% деп белгилеген. Ортодогу айырмачылык 5,1% түзгөн. Түркмөнстандын өкмөтү отчетту тааныган эмес.

Түркмөнстан көп жылдан бери экономикалык кыйынчылыкты баштан кечирүүдө. Эл аралык каржылык уюмдар өлкө өкмөтүнө экономикалык саясатты кайра карап чыгып, өзгөртүүнү сунуштаган.

Түркмөнстандын шаарларында азык-түлүк жетишсиздиги, акчанын таңкыстыгы күчөп, жумушсуздук кеңири жайылганы эл аралык каржылык уюмдардын отчетторунда көрсөтүлгөн. Бийлик оор экономикалык абалды моюнга алгысы келбейт.