1916-жылдагы тарыхый окуяга мамлекеттик деңгээлде баа берилиши менен ата-бабалардын тарыхта калган эрдиги аркылуу мекенчилдик сезимди арттырат.
Мындай пикир «Тарыхтын эскирбес тагы»- деп аталган китеп жана сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында айтылды.
Иш-чараны Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана жамааты, үркүндүн 100 жылдыгына карата уюштурган.
Ага “Үй куруучулар”, “КДК”, “Асаба” коомдук-саясый уюмдары жана маданият ишмерлери, коомчулуктун кеңири чөйрөсү катышты.