Жаңылыктар
ЕВРО-2020: Россия, Уэльс жана Италия жеңишке жетти
Спорт
ЕВРО-2020: Россия, Уэльс жана Италия жеңишке жетти

Европа чемпионатынын 2-турунун алкагында үч оюн болуп өттү.

B тайпасында Россия менен Финляндия ойноп, россиялыктар 1:0 эсебинде алгачкы жеңишке жетти.

А тайпасында Түркия менен Уэльс командасы жолугуп, Уэльс 2:0 эсеби менен жеңишти камсыз кылды. Ушул эле тайпада Италия ишенимдүү түрдө Швейцарияны 3:0 эсебинде утту. Бул жеңиш менен Италия  6 упай топтоого жана мелдештин 1/8 финалына чыгууга мүмкүнчүлүк алды.