Жаңылыктар
Соңку жумада доллар 1,5 сомго көтөрүлдү
Экономика
Соңку жумада  доллар  1,5 сомго көтөрүлдү

Анын себебин   адистер мезгилдик фактор менен байланыштырса, дагы бири   мунай базарындагы баага байланыштуу орус рублинин күчтөнүшүнүн таасири деп баалоодо. Ошентип, Бишкек шаарынын тургундарына доллардын кымбатташы ар кандай таасир эткен. АКШ валютасы дагы канчага чейин көтөрүлүшү мүмкүн?  Кыргызстан акча- кредит саясатынын рынок шартына негизделген өзгөрүлмөлүү эркин курсун тандап алган. Демек, суроо- талап болсо доллар кымбаттайт. Борбордук банк кескин серпилүү болбогон кезде валюта базарына кийлигишпейт. 

Экономика илимдеринин доктору  Чолпон Алкадырова,  соңку 6, 7 жылдын ичинден доллар мезгилдик факторлорго жараша өйдө же төмөн болуусу салттуу көрүнүш болуп келе жатканы менен бөлүштү. Анын болжолунда,  күзгө таяп кымбаттоолор башталып, кийинки жылдын  жай  мезгилине  кайрадан доллардын курсу түшүп турат. Валюта базарындагы мындай абалдан чочулоого негиз жок деп кошумчалайт экономист.