Жаңылыктар
Кыргызстанга тыштан келген каражаттар максатсыз пайдаланылып келген
Саясат
Кыргызстанга тыштан келген каражаттар максатсыз пайдаланылып келген

Кыргызстанда канчалаган жылдар бою сырттан келген каражаттар максатсыз пайдаланылып, кумга сиңген суудай жок болгон. Бул тууралуу өлкө башчы Алмазбек Атамбаев журналистер менен болгон жолугушууда  билдирди. Эң өкүнүчтүүсү Кыргызстанды эгемендик жылдары өз чөнтөгүн ойлогондор гана  башкарып калганы болду. 

Анткени өлкө үй-бүлөлүк-кландыкбашкарууга туш болбогондо азыр абал таптакыр башкача болмок-деди президент. Ал арада жергиликтүү серепчилер ошол кездеги атка минерлер менен катар эле эл аралык уюмдар дагы Кыргызстанды  өз кызыкчылыктарына пайдаланышканын эске салышат.