Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого 18 партия ат салышат. 18 партиядан 1371 талапкер көрсөтүлүп, анын ичинен 1258 талапкер тизмеге катталды.
Муну менен катар ар кандай себептерден улам 113 талапкердин тизмеси каттоодон өткөн жок. Эскерте кетсек, 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке шайлоо добуш сатып алууларга байланыштуу жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.