Жаңылыктар
«Өмүр көчү-100» унаа жүрүшү сапар алды
Кыргызстан жаңылыктары
«Өмүр көчү-100» унаа жүрүшү сапар алды

Президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен бүгүн 1916-жылдагы кайгылуу окуяларга арналган «Өмүр көчү-100» унаа жүрүшү сапар алды. Сокулук районунун Асылбаш айылынан сапар алган жүрүш мамлекеттик деңгээлге ээ. 

1916-жылдагы Улуу үркүндүн 100 жылдыгына карата «Өмүр көчү» жүрүш алды. Унаа кербендин сапары бүгүн Сокулук районунун Асылбаш айылынан башталды. Бул кыштактан Үркүндө каза болгон 138 маркум эскерилип, аларга багышталып куран окулду. 

Бул жолку жүрүш мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп жатат. Кыргыз элинин кылымдар жолундагы кыямат күндөрүн эскерген «Өмүр көчү-100» демилгесине мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү тууралуу жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү тапшырмалар берилген.