Жаңылыктар
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары-2016: уюштуруу иштери
Маданият
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары-2016: уюштуруу иштери

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атагын алыска таанытуу менен бирге улуттук оюндарды ал гана эмес байыркы көчмөн маданиятты жайылтууга мүмкүнчүлүк берет. Дүйнөлүк көчмөндөр маданиятын таанытууга милдет алган Кыргызстан сентябрь айында экинчи ирет көчмөндөрдүн башын Чолпон-Атада бириктирет. 

Учурда иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө камылганы уюштуруу иштери боюнча катчылык көрүп жатат. Тыным албай иштеп жаткандарга ыктыярчылар жардамга келген. 

Уюштуруу иштери боюнча катчылыкта иш кызуу. Топторго бөлүнүп иштеп жаткан кызматкерлерде тыным жок. Жумуш көбөйгөн маалда түнгө калып иштөөгө да туура келүүдө. Өлкөнүн намысы үчүн камылганы кынтыксыз көрөлү деген мындагылар кумурскадай эмгектенип жатат. Ар биринин өзүнө бөлүнгөн милдети бар.