11-июлда өтө турган Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоого катышып жаткан саясий партияларга бекер эфирдик убакыттар БШК өткөргөн чүчүкулак боюнча такталды.
Эфирдик убакыттар Үгүт, Кайрылуу, Атайын репортаж, Теледебат болуп 4 форматта кечки прайм-тайм убакытка коюлду. 21-июндан 9-июлга чейин иш күндөрү 60 мүнөттөн 100 мүнөткө чейин бөлүнүп, ар бир партияга 57 мүнөттөн берилди.