Жаңылыктар
87 депутат Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдойт
Саясат
87 депутат Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдойт

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кенештин 87 депутаты колдоду. Бул тууралуу биздин каналга Жогорку Кенештин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев билдирди. 

Анын айтымында Турсунбеков, Өмүркүлов, Бабанов, Исаев, Торобаев, Сулайманов жана башкалар демилгелеген мыйызам долбору 29 июлда коомдук талкууга коюлган. 

Өзгортуу боюнча негиздеме-маалымкатта мындай деп белгиленет: “Бүгүнкү күндө Конституциянын жалпы башаты жана мааниси менен айрым жоболордун ачыктан ачык карама-каршылыгын пайда кылган кемчиликтерди парламенттик демократиянын маани-маңызын өзгөртпөстөн жана акыркы мезгилдеги бардык жакшы жетишкендиктерди сактоо менен жоюучу, ошондой эле жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга тиешелүү түрдө чара көрүү үчүн зарыл болгон конституциялык базаны түзүүчү Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жаралды”

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр, улуу дөөлөттөр Конституцияда көрсөтүлдү, алар мамлекеттик бардык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмуну болушу керек, өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен мамиледеги макамы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо жол-жобосу өзгөрдү.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118