Жаңылыктар
Ташкент-Балыкчы темир жол каттамы 16-август күнү жанданат
Туризм
Ташкент-Балыкчы темир жол каттамы 16-август күнү жанданат

Жайкы эс алуу мезгилине карата Ташкент-Балыкчы темир жол каттамы 16-август күнү жанданат. Коңшу өлкөнүн мамлекеттик агенттиктери - поезд жумасына эки жолу – ишемби жана жекшемби күндөрү эл ташый турганын кабарлады.

 

Өткөн жылы дагы жайкы эс алуу сезонунда Өзбекстандан Ысык-Көлгө убактылуу поезд жүрүп, аптасына бир жолу каттап турган. Жолдун аралыгы бир күнгө жакын.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118