Россиянын футбол боюнча курама командасы Европа чемпионатынан четтеди.
22-июнда тайпалык турдун акыркы оюндары В жана С тайпаларында өткөрүлдү.
Россия Даниянын курама командасы менен конокто ойноп, 1: 4 эсебинде утулуп калды. "В" тайпасындагы дагы бир оюнда Бельгия курама командасы Финляндияны 2: 0 эсебинде жеңди.
Топтук турдун жыйынтыгы боюнча Россиянын курама командасы В тайпасында акыркы 4-орунду ээлеп, турнирден чыгып кетти. Бельгия менен Дания плей-офф баскычына өтсө, тайпада 3-орунду ээлеген Финляндиянын 1/8 финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.
С тайпасында Нидерланды Түндүк Македонияны 3: 0 эсебинде утуп, катары менен үчүнчү беттеште жеңишке жетти. Дагы бир оюнда Австрия Украинаны 1:0 эсебинде утуп алды.
Топтук турдун жыйынтыгы боюнча Нидерланды 1-орунду, Австрия экинчи орунду ээледи. Украина 3-орунду жайгашып, плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми Түндүк Македония курама командасы мелдештен четтетилди.
Учурда Италия, Бельгия, Нидерланды, Уэльс, Дания, Австрия, Англия, Чехия, Швеция жана Франция командалары 1/8 финалга жолдомо алышты.