Жаңылыктар
Жалпы республикалык тестирлөөнүн алгачкы жыйынтыктары чыкты
Билим
Жалпы республикалык тестирлөөнүн алгачкы жыйынтыктары чыкты

2020-2021-окуу жылы үчүн Кыргызстандын мектеп окуучулары тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн алгачкы жыйынтыктары чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирет. 

58 катышуучу жогорку балл топтоду, алардын арасынан эң жогорку баллды Каракол шаарынан Жайдар Нургазиев алды, экинчи орунду Бишкек шаарынан Алия Сарыгулова 231 балл, үчүнчү орунду Талас районунан 230 балл менен Сымбат Касымбекова ээледи. Белгилей кетсек, 2020-2021-окуу жылы үчүн республикалык тестирлөөнүн акыркы жыйынтыктары ушул жылдын 22, 23-июнуна пландалган тестирлөөнүн III этабы өткөрүлгөндөн кийин чыгат.