Жаңылыктар
Каныкей Кубанычбекова Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды
Спорт
Каныкей Кубанычбекова Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова эл аралык мелдештердеги алган упайларынын жыйынтыгында Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Спортчу буга чейин Казакстан, Индия, Кувейт, Азербайжанда өткөн төрт эл аралык мелдешке катышып, жогорку жыйынтык көрсөткөн. Каныкей Кубанычбекова ок атуу боюнча Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү. Ок атуу спорту боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү.

Учурда Кыргызстандын эсебинде Олимп оюндарына 15 жолдомо бар. Буга чейин балбандар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер - Юлия Андреева, Дарья Маслова, Мария Коробицкая жана оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков олимпиадага жолдомо алышкан. Токиодогу жайкы Олимп оюндары 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Олимпиада төрт жылда бир ирет уюштурулат. Былтыр, 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодо өтө турган башкы эл аралык мелдеш кийинки жылга жылдырылган болчу.