Кыргызстанда ветеринардык дары-дармектер көзөмөлгө алынганын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Ветеринардык дары-дармектерди, тоют кошулмаларын каттоо борбору менен ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекция биргелешип дары-дармектерди көзөмөлдөгөн атайын программаны иштеп чыккан.
Бул IT-программа ветеринар менен фермерге жаныбардын саламаттыгы, кандай дары колдонулгандыгы, анын сатылышы жана колдонулушу жөнүндө маалымат берет", - деп айтылат билдирүүдө. Учурда Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда бул долбоорду сыноо иретинде тестирлөө башталды.