Жаңылыктар
Жаңыл Океева 10-орунду камсыздады
Спорт
Жаңыл Океева 10-орунду камсыздады

Олимпиада оюндарында штанга көтөрүүдөн Жаңыл Океева 10-орунду камсыздады. 

Ал 48 кг салмак чен бирдиктегилер арасында ат салышкан. Мелдеште жалпы 12 спорчту күч сынашты. Жаңыл Океева биринчи аракетинде 92 кг көтөрдү. 

Ал эми экинчисинде 97ни көтөрсө, акыркы аракетинде 101 кг көтөрүүгө чамасы жеткен жок. Жыйынтыгында 169 кг көтөрдү деп катталып, 10-орунга жазылды. 

Эми кыргыз спортчуларынан Денис Петрашов 9-августа сууда сүзүү спортунан ат салышат. Бишкек убактысы боюнча 9-августа кечки саат 22:00дө жана 22:50дө Денис Петрашов жарышка түшөт.