Жаңылыктар
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы Казакстандан 7 медаль менен кайтышты
Спорт
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы Казакстандан 7 медаль менен кайтышты

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү «Гусман Косанов мемориалы» салттуу эл аралык мелдешинде 6 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 2 коло) жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, мелдеш 19-20-июнь күндөрү Алматы шаарында (Казакстан) өткөрүлгөн.

Мелдешке 13 өлкөдөн 200дөн ашык спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандан башкы машыктыруучу Айбек Сыргакбековдун жетекчилиги алдында 12 жеңил атлетчи аталган иш-чарага жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, мындан сырткары Гулшаной Сатарова Алматы марафонуна катышып, 21,1 км аралыкты 1 саат 20 мүнөт 35 секундада чуркап өтүп, жарым марафондун жеңүүчүсү аталды.

 Жыйынтыктар:

Алтын – Нурсултан Кенешбеков, 1500 м аралыкта (3:44.31);

Алтын – Нурсултан Кенешбеков, 5000 м аралыкта (14:48.47);

Алтын – Мусулман Жоломанов, 800 м аралыкта (1:51.25);

Күмүш – Гулшаной Сатарова, 1500 м аралыкта (4:36.39);

Коло – Самат Казакбаев, 1500 м аралыкта (3:55.87);

Коло – Бердигул Айтпай уулу, 5000 м аралыкта (15:16.54).