Жаңылыктар
Рио: оюндарды уюштурууга 7 млрд. доллар сарпталды
Спорт
Рио: оюндарды уюштурууга 7 млрд. доллар сарпталды

Бүйүрдү кызыткан Олимпиада оюндарынын ачылыш саамалыгы болуп өттү. Салтанаттуу азем Бразилиянын Ри-де-Жанейро шаарындагы «Маракана» стадионунда орун алды.  Ачылыш саамалык бешинен 6-августка караган түнү бишкек убактысы боюнча таңкы саат 05:00 башталды. 

Стадиондогу көрүүчүлөрдүн саны 80 миңге чукулдады. Ачылыш салтанатында Кыргызстан курама командасынын алдында басып, Кыргыз туусун бокс чебери Эркин Адылбек уулу көтөрүп чыкты. Улуттук командабыз 207 өлкөнүн ичинен 155-болуп жүрүштө басты. 

Олимпиаданын ачылышындагы парадка жалпы 12 миңдей спортчу катышты. Ал эми Олимпиада отун марафончу, Вандерлей Кордейру тутандырды. Буга чейин таанымал футболчу Пеле Олимпиада шамдалын күйгүзмөк. 

Бирок ал бутунан операция болуп, ден соолугу начарлап кеткендиктен, Олимпиада отун жандыруудан баш тарткан. Бразилия тарап Олимпиада оюндарын уюштурууга кетирген чыгымын ачыктаган жок. 

Бирок айрым чет элдик маалымат булактары 7 млрд. доллардын тегерегиндеги акча кеткенин жазып чыгышты.

Фото: интернеттен алынды