Жаңылыктар
Жээнбеков JDS долбоорунун стипендиаттары менен жолугушту
Билим
Жээнбеков JDS долбоорунун стипендиаттары менен жолугушту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Япония Өкмөтүнүн JDS долбоорунун стипендиаттары менен жолугушту. Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери 10-ирет Японияга окууга кетип  жатат.   Долбоор өлкөдө 2006-жылдан бери ишке ашырылып келүүдө.

Эске салсак,  Кыргызстандын  Мамлекеттик кадр кызматы Япониянын эл аралык кызматташтык борбору менен бирге кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү долбоорун  2006-жылдан бери ишке ашырып келүүдө.   Долбоорунун максаты–Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Япониянын университеттеринде Магистрдин даражасын  алууга мүмкүнчүлүк берүү.   JDS долбоорунун негизги шарты – окуу аяктагандан кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасында   кеминде үч жыл иштеп берүү.  Долбоор 2 жылдык мамлекеттик жана муниципалдык стажы бар 40 жашка чейинки кызматкерлерге  багытталган.