Жаңылыктар
Кен иштетүүдө социалдык пакеттин жобосу иштелип чыгышы зарыл
Экономика
Кен иштетүүдө социалдык пакеттин жобосу иштелип чыгышы зарыл

Кен иштетүүдө жергиликтүү элдин жашоосун жакшыртууга жардам көрсөтүү үчүн каралган социалдык пакеттин конкреттүү критерийлери иштелип чыгышы керек. Мындай тапшырманы өкмөт Энергетика, кен пайдалануу жана өнөр жай боюнча мамлекеттик комитетине тапшырды. Ага ылайык, эми мекеме үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин тиешелүү долбоорду өкмөткө сунушташы керек. 

Ал арада бул кадамга оң баасын берген эксперттер, документти даярдоодо дасыккан адистер менен  жергиликтүү элди сөзсүз катыштыруу керектигин айтышууда.