Жаңылыктар
БУУ: Катуу ачкачылык дүйнөнүн төрт өлкөсүн каптады
Дүйнө
БУУ: Катуу ачкачылык дүйнөнүн төрт өлкөсүн каптады

Эфиопия, Мадагаскар, Түштүк Судан жана Йеменди катуу ачарчылык каптады.Бул көйгөй дагы да көбөйүп жатат,- деп айтылат БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) 22-июнь, шейшемби күнү жарыялаган докладында.

Бул өлкөлөрдө 584 миң адам ачкачылыкта жаткандыгы белгиленди. Ошол эле учурда, планетанын 43 өлкөсүнүн дагы 41 миллион тургуну (2019-жылы 27 миллионго салыштырмалуу) ачарчылык алдында турушат.

Уюмда айтылгандай, мындай абалга жергиликтүү чыр-чатактар, климаттын өзгөрүшү, ошондой эле кризис, валютанын арзандашы, негизги азык-түлүк товарларына баанын кескин көтөрүлүшү сыяктуу экономикалык процесстер себеп болууда.

Мисал катары БУУ Ливан, Нигерия, Судан, Венесуэла жана Зимбабвени атады, анда инфляция өзгөчө калктын абалын начарлатты.

Уюм быйылкы жылы БУУ Дүйнөлүк колдоо программасын ишке ашырып, 139 миллион адамды камтыгандыгын, ошондуктан программа каржылоого өтө муктаж экендигин эске салды.