Жаңылыктар
Филиппин президенти коронавируска каршы эмдөө албагандар камакка алынышы мүмкүн деп эскертти
Дүйнө
Филиппин президенти коронавируска каршы эмдөө албагандар камакка алынышы мүмкүн деп эскертти

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте Филиппинде коронавируска каршы эмдөөдөн баш тарткан адамдар камакка алынышы мүмкүн деп эскертти. 

Мындай билдирүүнү өлкө лидери жумалык брифинг учурунда жасаганын чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

"Мени туура эмес түшүнбөгүлө, бирок өлкө кризиске учурап, өзгөчө кырдаал алдында турат. Силер ансыз деле кыйын абалды курчутуп жатасыңар. Эгер эмдөөдөн өтпөсөңөр, Филиппинден чыгып кеткиле. Индияга же Америкага баргыла, бирок силер бул жерде жүргөндө вирустун алып жүрүүчүсү болуп саналасыңар, ошондуктан эмдөө алгыла", - деген Дутерте. 

Президент ошондой эле Ички иштер министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышып, эмдөөдөн баш тарткан адамдардын тизмесин түзүшөрүн айткан.