Жаңылыктар
Эркин күрөш боюнча курама команда Түркияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Тизме
Спорт
Эркин күрөш боюнча курама команда Түркияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Тизме

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, “Yaşar Doğu” турнири 25-27-июнь күндөрү Стамбул шаарында (Түркия) өтөт.

Кыргызстандын курама командасына башкы машыктыруучу Руслан Маджиновдун жетекчилиги астында 11 спортчу кирген.

Алар:

57 кг чейин - Мырзаназар уулу Бекболот жана Сманбеков Алмаз

61 кг чейин - Жолдошбеков Улукбек жана Жумашбек уулу Тайырбек

65 кг чейин - Акматалиев Эрназар жана Осмонов Алибек

70 кг чейин - Орозбеков Исламбек жана Токтогул уулу Айбек

79 кг чейин - Изабеков Атай

86 кг чейин - Карыпбаев Нуртилек

92 кг чейин - Жамгырбек уулу Дөөлөтбек