Жаңылыктар
Ат-Башы районунда ири өндүрүштүк логистикалык борбор куруу маселеси каралууда
Экономика
Ат-Башы районунда ири өндүрүштүк логистикалык борбор куруу маселеси каралууда


Бишкек-Торугарт жолунун боюнда же Нарын облусунун алыскы Ат-Башы районунда ири өндүрүштүк логистикалык борбор куруу маселеси каралууда. Бул чоң инвестициялык долбоор ишке ашса отуз миңге чейин жумуш орду түзүлүп, анын 90 пайызын жергиликтүү тургундар түзөт. Борбор курулуп ишке берилсе миллиондогон доллар инвестиция тартылат, ЕАЭБ өлкөлөрү жана Кытай, Европа, Түркия менен болгон соода жүгүртүүнүн көлөмү да жогорулайт. Мындай болгондо аймактын гана эмес жалпы эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүлөт.