Кыргызстанда быйыл 11-классты 61 546, 9-классты 103 414 окуучу аяктады. Эми ЖРТдан өткөн окуучулар жогорку окуу жайларга тапшырууга мүмкүнчүлүк алат. Ал эми 9-классты бүткөндөр же ЖРТ тестинен өтпөй калгандар кесиптик лицейлерге жана колледждерге тапшырса болот.
Кээ бир жаштар кайсы кесипти аркаларын билип, мурдатан эле тандоо жасап коюшкан. Башкалары билим албай эле чет өлкөгө чыгып кетүүгө кызыкдар. Үчүнчүлөрү болсо: “кайсы окууга окуйм, кайсы кесипти тандайм?”, - деп убара. Албетте, күн сайын өзгөрүп жаткан заманда талапка ылайык кесип тандоого көңүл буруу зарыл. Себеби көпчүлүк жаштар кесип тандоодо жоопкерчиликсиз болушат. Үйгө жакын университет, досторум менен бирге окуйм деп жүрө бергендер бар. Бул сөзсүз түрдө текке кеткен убакыт, жакпаган кесип жана максатсыз жашоого алып келет. Кесип тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?
Төмөндө өз ишинин мыктысы болгон 10 кесип ээлери сизге кеңеш берет:
Нурсултан Турдалиев, программистКесип тандоо бул маанилүү, анткени ага жараша келечекте айлана чөйрөң, досторуң, тааныштарың пайда болот. Өзүңөрдү кандай чөйрөдө көргүңөр келсе ошол тараптагы кесипке умтулгула.
Азыркы учурда глобалдашуу жана автоматташуу процесси катуу жүрүп жатат. Адамдын акылы, креативдүүлүгү керексиз болгон жумуштардын көпчүлүгү жакынкы он жыйырма жылда толугу менен жоголушу мүмкүн. Мындай нерсени сөзсүз эске алуу керек.
Туура кесип тандоо гана эмес, ошол кесиптин мыкты адиси болуп чыгуу да маанилүү.
Альбина Каныбековна, чачтарач
Менин кесибим чачтарач. Чачтарачта, тагыраагы, заманбап тил менен барбершопто иштейм. Азыркы иштеп жаткан кесибим өзүмө жагат, себеби адамдын чачын алып, калыбына келтирип, келбеттүү кылам. Ошондо ал адам дагы ыраазы болот жана көңүлүм дагы көтөрүлөт.
Кесип тандоодо эмнеге көңүл буруу керек? Биринчиден сен өзүң эмнеге шыгың бар? Эмнеге кызыгасың, сен ошол жазаган жумушуңа толугу менен толо аласыңбы ошого көңүл буруу кажет.
Экинчиден акчасына дагы карашың керек, анткени сен эмгегиң менен акча таап, өзүңдүн жаныңды багышың керек. Эгер сен ал кесибине көңүлүң толуп турса, жасаган ишиңден ырахат алсаң, бирок акча таппасаң, мындай дагы жарабайт.
Ошондуктан мектепти бүтүп, окууга жайга тапшырып жатсаң, терең ойлонуп,анан тапшыр!
Асылбек Бактыбеков, спорттук журналист
Азыркы коомдо кайсы гана тармак болбосун чыгармачыл адам болуш керек окшойт. Менин оюмча келечекте кайсы бир кесиптин келечеги кең деп бирөөнү так айтуу кыйын. IT? Медицина? Туризм? Менеджмент? Булар жөн гана инструмент. Itни окуп, туризмди окуп, бирок андан пайдалуу долбоор чыгара албасак өздөштүрүүнүн мааниси жок. Ошол себептен жакшылап ойлонуп, жүрөгүңө жаккан ишке барып, ошого чыгармачылык, креативдүүлүк менен мамиле кылсак жыйынтыгы сөзсүз жакшы болот. Ага кантип жетебиз? Көркөм чыгармаларды абдан көп окуу керек. Аны кылбаган адамдын ой-жүгүртүүсү чектелип, роботко айланат. Китеп окуу керек! Ошон үчүн ар бир ишти сүйүү менен, чыгармачылык менен ишке ашыруу зарыл! Креативдүү экономика көп киреше алып келет! Чыгармачылык маанилүү!
Чыгармачылыгың жок болсо жада калса сүйгөнүңө да жакшы белек бере албайсың! Ар бир кесип ардактуу! Ийгилик болсун!
Алтынай Анарбаева, дарыгер
Кесип тандоо ар бир адамдын жашоосундагы маанилүү жана жоопкерчиликтүү кадам эмеспи. Анын сыңарындай мен да мектепти аяктап жатканда кайсы кесипке суроо талап жогору экенине маани бергем. Өз кесибин туура эмес тандаган студент турмуштагы ордун табууда жана кесиптик өсүүдө да кыйналышат. Ошондуктан абитуриенттерге айтар кеңешим кесип тандоодо жаңылбагыла. Мен дарыгерлик кесипти тандаганыма эч өкүнбөйм. Дарыгерлик кесип ооруга кабылып, кыйналган адамдарга үмүт тартуулап, алардын саламаттыгы үчүн кам көргөн эң асыл, гумандуу жана ардактуу кесип.
Ахматкалый кызы Назира, мугалим
Менин кесибим мугалим. Кыргыз Экономика жана Сервис колледжинде сабак берем, кесибим тарыхчы. Мугалимдик кесип өтө түйшүктүү жана сыймыктуу кесип. Балдар менен иштеген абдан жагат. Баланы сүймөйүнчө чыныгы мугалим болуш кыйын. Кантип сабакка киресиң баланы сүйө албасаң. Айтып коет эмепи, “Мугалим – мөмөлүү дарак”деп. Мен үчүн мугалим болуу бул аябай сыймык.
Кесипти тандоодо эмнеге көңүл буруу керек? Өзүңдүн кызыгууңду талдоо менен, жөндөмдүүлүгүңдү, ийкемдүүлүгүңдү жана алыңдын жетишине ишенүүң керек. Кандай кесиптер талап кылынууда? Бул жумуштун өзгөчөлүгү эмнеде? Ишке орношуу мүмкүнчүлүгү кандай? Айлыгы кандай?
Өзүңдүн көңүлүңө көбүрөөк жаккан кесипти танда. Окуп үйрөнгөн кесиптик шыгыңды өзүңдүн мүмкүнчүлүктөрүң менен салыштыр. Кошумча да вариантты (үч кесипке чейин) ала жүр. Эгер бул кесиптерди да өздөштүрүп кетүүгө мүмкүнчүлүгүң бар болсо. Урматтуу абитуриент туура чечим чыгарып, анан мамлекетке салым кошкон кесипти тандоо кыл!
Таалайбек Мамытов, жаш саясатчы
Болочок кесип тандоодо ар бир адам өзүнүн жүрөгүн угуп, ырахат алган ишине байланыштуу кесип тандоосу кажет. Мисалы, сүрөт тартканды жакшы көрсө, архитектураны же дизайнды тандаса майнаптуу болот. Болочок адистер акчаны куубай, тескерисинче акча анын артынан куугандай адам болуусу керек. Жогорку деңгээлге ишиңди мыкты билип, сүйүп, майын чыгара жасасаң гана жетишесиң. Ошондуктан, менин негизги кеңешим өзүңөр кыялданган, ырахат алган кесипти тандоо. Тилекке каршы, азыркы маалда окуу жайларга өзгөчө көңүл буруу керек деп баса белгилегим келет. Сандан сапатына маани берүү бүгүнкү Кыргызстандын талабы.
Бекболсун Бакытбеков, ашпозчу
Мен ашпозчу болуп эмгектенем. Жумушумдун жакшы жери каякка барбасаң жумуш таап аласың. Маянасы да абдан жакшы. Кээ бирлер 4-5 жылдап жогорку окуу жайларда окушат, бирок жумуш таба албай убара болуп, убактысы текке кетет. Ашпозчу кесибин тандап, сертификат алам десең 6 ай окуйсуң, диплом десең 1 жыл окусаң болот. Мен акыркы 4 жыл бою ушул тармак боюнча иштеп келем. Кудайга шүгүр, унаа, жер жана айылга мал алганга жетиштим.. Ошондуктан силерге бере турган кеңешим, шыгыңар болсо кесиптик окууларга окуп, иштесеңер туура болот. Негизгиси жакшы ойлонуп, өзүңөргө жаккан кесипти тандагыла.
Элдияр Эмир уулу, котормочу
Жоопкерчилик менен кесип тандоо керек.
Кесип тандоодо көпчүлүгүбүз катачылык кетирсек керек. Эмне себептен?
1. Ата-эне тандап берет.
2. Убактылуу жумуш, маянасы көп деп тандоо.
3. Жөн гана беделдүү көрүнүү үчүн ж.б.у.с. себептер.
Кесипти тандоодо маани бере турчу критерийлер:
1. Заман талабына ылайык ( программист, тилчи )
2.Өзүң кызыккан.
Эң негизгиси өзүң кызыккан кесип болсо жакшы.
Бирок кээде кызыккан кесип башка , мүмкүнчүлүк башка болуп да калат.Өзүң жаккан же кызыккан дегенде туура эмес кесипке да ашыгып алышыбыз мүмкүн. Мисалы: актердук кесип деп искусствого тапшырып алып, бирок ал чөйрөгө аралаша албай, тартынып же уялып, айтор, таланты дал келбеген окуучулар да болот.
Экинчи мисал: спортко шыгы бар баланы такыр эле башка кесип тандап алышы. Спортчу бала деле программист же дарыгер боло алат, бирок спортко кызыгуусу жогору болушу мүмкүн. Спортчу үйдө телефон же компьютер менен отура албайт, себеби анын каалоосу, кызыгуусу башка. Балким ал үчүн күнүнө 5-6 саат машыгуу жакшыраак.
Бардыгы эле 1 кесипке эмес, бир канча кесиптин ээси болгусу келет, суктанабыз, кызыгабыз, ошого аракет кылабыз. Бирок ар бир кесип көп деген эмгекти, мээнетти жана жоопкерчиликти талап кыларын унутпоо зарыл. Ошол себептен колдон келишинче 1-2 кесиптин үстүндө иштегенде гана анын жыйынтыгы жогорку деңгээлде болсо керек.
Өзүң кызыккан , өзүңдө кандайдыр бир Аллахтан берилген мүмкүнчүлүктөр болот, ошол талантты табуу зарыл. Өзүңө суроо бер.
Менин колумдан кайсыл нерсе жакшы келет?
Мен кайсыл багытта өзүмдүн күчүмдү элге жумшаганга даярмын?
Мен кайсы кесипке тер төккөнгө даярмын?
Сөзсүз эле кызыгуу менен кесипти аркалоо да боло бербейт, кээде “мен кайсы кесипти жоопкерчилик менен жогорку деңгээлде аткарам?” - деген суроону эске алган туура.
Азыркы учурда кайсыга тапшырсам деп кыялданып олтура берүү да жаштар үчүн туура эмес, бир кесипти тандап ошол кесиптин жоопкерчилигин, кыйынчылыгын , мээнетин өзүбүзгө алып ишти башташыбыз керек.
Эң негизгиси бардык нерсе колдон келет, бир гана асыл ой, туура ниет ,жоопкерчилик менен мамиле кылсак, ар бир кесип өзүнүн мөмөсүн, ийгилигин жана ырахатын эки дүйнөдө сөзсүз түрдө берээрине 100% ишенем.
Тынчтык Мухамбетов, видеоредактор
Негизи кесип тандоодо адам өзү эмнеге жөндөмдүү, ошону билүү керек. Тактап айтканда, кесип тандоочу кызыгуусу исскуствогобу, саясаткабы же болбосо спорткобу ошону аныктап, ага жараша кесип тандаса келечекте ал кесипти сөзсүз аркалап кетет деп ойлойм. Мисалы, мен филология (корей тили )боюнча тандагам. Себеби ойлонбой ата- энемдин тандоосу менен окуп калгам. Азыркы учурда ал кесип менен иштебейм. Мен жакшылап ойлонгонумда режжисер жагын окумакмын. Анткени бул иш мага жагат жана эч качан бул ишти таштабайм. Өзүңөргө жаккан кесипти тапкыла.
Акжолтой Аскар, өнүгүү тренериАдам кесип тандоодо бул критерийлерди сөзсүз эске алуусу зарыл:
1. Өзүңдөгү жөндөмдөргө кароо. Жөндөмдөргө дегеним, колунан эмне келет, кайсы иштерди жакшы жасайт. Мисалы, мен мектепте окуп жүргөн кезимде дилбаян жазуу, концерттик иш чараларды алып баруу колуман жакшы келчү. Тактап айтканда, менин жөндөмүм ушул багытта болчу. Ошондуктан мен журналисттик кесипти тандап алып, аны окуп бүтүргөн соң, өнүгүү тренери катары иштеп келе жатам. Демек, адам биринчи жөндөмүнө жана шыгына карашы керек. Эгерде жөндөм шыктардын негизинде талантын табып алса, андан да жакшы. Эң жакшысы талант менен иш кылуу. Муну аныкташ үчүн ата-энеси , мугалими, чөйрөсүндөгү адамдары менен сүйлөшүү керек. Алар сырттан ал абитуриентти кандай көрүп, эмне жөндөмдөрүн байкашат, кеминде 20-30 адамдан өзү тууралуу сурап чыксын. Ошентип, өзүнүн жөндөм шыктарын аныктап алат.
2. Коомго пайда келтире турган кесип. Кээ бир кесиптер элге пайда келтирбей эле элдин чөнтөгүн жукартып, түшүнүктөрүн булгап, бузуку иштерди жайылткан дагы ыплас кесиптер бар. Мындай кесиптерден алыс болууну сунуштайм. Демек, экинчи критерий сөзсүз коомго пайдасы тийген болушу зарыл.
3. Акча төлөнгөн кесип. Албетте, ар бир кесипке эле акча төлөнөт. Бирок сиз тандаган кесипке көбүрөөк акча төлөнүшү керек. Кээ бир кеситпер бар, физикалык жактан көп иштейсиң, бирок аз акча төлөнөт. Эми ал кайсы кесип экенин айтпай эле коёюн, ошол кесип ээлери үчүн катуу тийбесин. Ошондуктан, өзгөчө капиталисттик системада, ар бир нерсе акча менен каралып калган учурда, сиздин иштеп жаткан кесибиңиз келечекте көп акча алып келүүсү керек. Ошол эле учурда акча берген адам да ыраазы болуусу зарыл. Жылаңач баатыр болуунун кажети жок, эл кызматында болом деп эле финансы жагын эске албай коюу туура эмес. Андай адамдар деле көпкө барбайт, 2-3 жыл жүрөт, андан кийин токтойт. Анткени үй бүлө, тууган-урук, жашоо деген бар. Ошондой эле, эң негизги критерийлердин бири – тандап алган кесип адамды өстүрүшү керек. Тилекке каршы, кээ бир кесиптер адамды өстүрбөй, ден соолугун алып, акылын кетирет, чарчатат. А сиз тандаган кесип сизди өстүрсүн. Акыл жагынан, ден соолук жагынан, айтор, ар тараптан өстүрүүсү зарыл. Мисалы мен жогорудагы критерийлерге ылайык тандап алган кесибим мени дайыма өстүрөт. Өнүгүү тренери катары жаңы китептерди окуйм, жаңы видеолорду көрөм, адамдар менен сүйлөшөм, байланышта болом, эл алдына чыгып сүйлөйм, материал жасап чыгарам, айтор бул кесип мени ар дайым өстүрөт.
Ошондуктан, ини-карындаштарыбызга айта турган кеңешим, жогорудагы критерийлерде эске алгыла, ошого карап кесип тандагыла.
✏️ Эмил Жолдошев