Жаңылыктар
ДССУ балдарды коронавируска каршы эмдетсе болорун билдирди
Дүйнө
ДССУ балдарды коронавируска каршы эмдетсе болорун билдирди

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму биринчи жолу балдарды коронавируска каршы эмдетсе болорун билдирди. Бул боюнча аталган уюмдун сайтында жарыяланган жаңыланган сунуштарга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты. 

Жаңыланган билдирүүдө балдар жана өспүрүмдөр чоңдорго салыштырмалуу коронавирусту оңой жуктура тургандыгы айтылган. Маалыматка ылайык, эмдөө кампаниясы эгерде балдар COVID-19 оорусун жугузуу тобокелдиги жогору болгон топто болбосо, шашылыш болушу керек. Биринчи кезекте улгайган адамдарга, өнөкөт оорусу барларга жана медициналык кызматкерлерге жүргүзүлүшү керек. Уюм балдар жана өспүрүмдөр коронавирусту чоңдорго караганда жеңил көтөрүшөт деп эсептейт. 

Мындан мурда уюм COVID-19га каршы вакцинанын балдарга таасири тууралуу маалыматтын жетишсиздигин айткан, ошондуктан балдарды эмдөөдөн өткөрүүнү сунуштаган эмес.