Жаңылыктар
Перунун борбордук жээгинде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды
Дүйнө
Перунун борбордук жээгинде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Перунун борбордук жээгинде күчү 5,8 баллга жеткен күчтүү жер титирөө болуп, анын силкинүүсү Лиманын борборунда сезилди. 

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, жер титирөөнүн эпицентри Канете провинциясында 10 км алыстыкта, 50 км тереңдикте болду. Жер титирөөнү Лиманын жана ага жакын аймакта жашаган тургундар сезишкен. Мындан тышкары, зилзаладан шаардын жээк аймагына таш кулап, жолдордун жарым-жартылай жабылышына алып келгендиги белгиленди.

Зилзала жергиликтүү телеканалдын түз эфир учурунда байкалды. Жер титирөөнүн очогу деңиз жээгинде, борбор шаар Лимадан 86 чакырым алыстыкта жайгашкан аймакта катталды. Адистер цунами коркунучу жок деп билдиришти. Көпчүлүгү үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Лимада таштар айланадагы тоолордон эле кулап түшөт. Жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат жок. 

Белгилей кетсек, Перу Тынч океандагы Назка литосфералык плитасынын жанында сейсмикалык активдүү аймакта жайгашкан.