Жаңылыктар
Москва шаарында жакынкы күндөрү ысык эң жогорку чекке жетери күтүлүүдө
Дүйнө
Москва шаарында жакынкы күндөрү ысык эң жогорку чекке жетери күтүлүүдө

Москва шаарында жакынкы күндөрү ысык эң жогорку чекке жетет. Бул тууралуу метеорологдор билдиришти. Шаар тургундары күндөн коргонуунун жолун издешүүдө. Көпчүлүк жарандар муздак суунун жардамы менен коргонобуз деген пикирлерди айтышууда.

Россиянын Европа бөлүгүнүн борбордук аймактарында жакынкы күндөрү ысык эң жогорку чекке чыгат. Анда борбордук Федералдык округдун аймактарында ультрафиолет нурлануусунун жогорку индекси байкалат. Бул тууралуу жарандарга метеорологдор эскертишүүдө.

Күндүн ысыгы шаар тургундарына бир топ кыйынчылыктарды алып келүүдө. Алар мындай кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолун издеп жатышат. Көпчүлүк муздак суунун жардамы менен күндөн коргонобуз деген пикирлерин билдиришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шаар тургундарына күн сайын эң ысык сааттарда үйдөн чыкпоо, суу ичүү жана кан басымын көзөмөлдөө боюнча эскертүүлөрдү жөнөтүп турат.