Жаңылыктар
Чыгаан куудул Бекназар Арзымат уулу эскерилди
Маданият
Чыгаан куудул Бекназар Арзымат уулу эскерилди

Улуттук илимдер академиясында чыгаан куудул Бекназар Арзымат уулу эскерилди. Тубаса таланттын 140 жылдыгына арналган “Бекназар Арзымат уулу жана кыргыз элинин куудулдук өнөрү” аттуу илимий-практикалык конференцияга өлкөдөгү куудулдар, окумуштуу, жазуучулар өнөрдү сыйлаган чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышты. 

Анда Бекназар куудул жана куудулдук өнөр тууралуу сөз болуп, күлкүнүн мааниси жана тарбиясына токтолушту. Тубаса таланттын журуш-турушу, турган турпаты, келбети, курч сүйлөгөнү жана жан-жаныбарларды куду өзүндөй туурагандыгы менен эл оозунда айтылып калган. Талантуу инсан тууралуу Кыргыз Республикасынын эл акыны Карбалас Бакиров менен Улуттук Илимдер академиясынын илимий кызматкери Акынбек Бекболотов түзгөн “Бекназар куудул” аттуу 500 нускадагы жаңы китеп жарык көрдү. Анда эл сүймөнчүгүнө ээ болгон куйкум сөздүн устасы Бекназар Арзымат уулунун өмүр жолу, чыграмачылыгы тууралуу эл оозунан жыйналган окуялар топтолду.