Жаңылыктар
Билим берүүдөгү эл аралык кызматташтык
Билим
Билим берүүдөгү эл аралык кызматташтык

Бишкекте "Евразия мейкиндигиндеги - Батыш Европадан Ыраакы Чыгышка чейинки эл аралык кызматташтык, алардын формалары жана механизмдери" аттуу жыйын өттү. 

Москва мамлекеттик университетинин Кыргызстандагы мектебинде уюштурулган иш-чарага Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин эл аралык ишмердүүлүк боюнча проректору, биология илимдеринин доктору Юрий Мазей, Ломоносов мектебинин камкорчулар кеңешинин төрагасы Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер Роза Айтматова, Президенттик Администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн, билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жана ата-энелер катышты. Мектептин негиздөөчүсү, Нурия Турдакунованын айтымында, эки жыл мурун ачылган бул мектепти быйыл 16 бала бүтүрүүдө. Жогорку квалификациядагы, тажрыйбалуу мугалимдерден билим алган бүтүрүүчүлөрдүн ичинен алты окуучу дүйнөлүк Жогорку окуу жайларга, ал эми калгандары Москванын окуу жайларына бюджеттик негизде тапшырышты.