Жаңылыктар
Жогорку соттун төрайымы Жайыл райондук сотунун эмгек жамааты жана судьялары менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку соттун төрайымы Жайыл райондук сотунун эмгек жамааты жана судьялары менен жолукту

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун эмгек жамааты жана судьялары менен жолукту. Маалыматка ылайык, иш сапарында сот реформасы, бир катар конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр, ошондой эле сот тутумунун көз карандысыздыгы, сот адилеттиги маселелери кеңири талкууланды. 

Ошону менен бирге аппарат кызматкерлери, сот приставдары жана сот аткаруучулардын эмгек акысын жогорулатуу маселелери да козголду. Төрайым 5-марТТда жана 7-июнда президент Жапаровдун катышуусу менен өткөн кеңешмелерде өлкө жетекчилиги сот тутумундагы чоң өзгөрүүлөргө барууга даяр экенин билдиргенин белгиледи.