Жаңылыктар
ЕВРО -2020: Португалия менен Нидерланды чемпионаттан четтеди. Видео
Спорт
ЕВРО -2020: Португалия менен Нидерланды чемпионаттан четтеди. Видео

Европанын учурдагы чемпиону Португалия жана чемпионатта мыкты оюн көрсөтүп келе жаткан Нидерланды курама командасы Европа чемпионатынан четтеди. 

Плей-оффтун биринчи турунда португалиялыктар Бельгия менен беттешип, 0: 1 эсебинде утулуп калышты.

Күндүн дагы бир беттешинде тайпалык баскычтагы 3 оюнду тең жеңген Нидерланды курама командасы Чехия менен беттешип, 0: 2 эсебинде утулуп калды.

Бир күн мурун Италия менен Даниянын командалары чейрек финалга чыгышкан.

Чейрек финалда Бельгия Италия менен ойносо, Дания Чехия менен кез келет.