Жаңылыктар
Терроризмди каржылоого каршы иш-чара
Кыргызстан жаңылыктары
Терроризмди каржылоого каршы иш-чара

Терроризмди каржылоого жана арам акчаны адалдаштырууга каршы мыйзамдын кабыл алынганына 10 жыл болду. Буга карата, Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы бүгүн борбор калаада атайын иш-чара уюштуруп, ага тийиштүү мамлекеттик ведомстволор, коммерциялык банктар жана башка финансылык ишканалардын өкүлдөрү катышты. Бул мыйзам, чалгындоо кызматынын ишмердүүлүгүн жөнгө салып, терроризмди каржылоого каршы системанын юридикалык негизин түзөт.

Айта кетсек, чалгындоо кызматы 2005-жылдын 8-сентябрында түзүлгөн. Бул мыйзам иштеп баштагандан бери, коммерциялык банктар, финансылык жана финансылык эмес ишканалар терроризмди каржылоого жана арам акчаны адалдаштырууга каршы жумуш жүргүзүү максатында, ички көзөмөл системасын киргизип, анын негизинде ар бир кардардын экономикалык ишмердүүлүгү текшерилет. 

Эгер шектүү делген акча операциялары катталса укук органдарына кабарланат. Бул маалыматтардын баардыгы атайын аналитикалык борбор болгон - Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына түшүп, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118