Жаңылыктар
Арстанбапта милициянын көчмө кабылдамасы коомдук тартипти көзөмөлдөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Арстанбапта милициянын көчмө кабылдамасы коомдук тартипти көзөмөлдөөдө

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда абанын температурасы жогорулап, күн ысыган сайын көпчүлүк жарандар тоо тарапка эс алууга чыгышууда. Буга байланыштуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан ички жана сырткы туристтердин коопсуздугу көзөмөлгө алынып жатат. 

Базар-Коргон РИИБнин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен Арстанбапта иш алып барышууда. Алар эс алууга келген жарандарга аттракциондорго түшүүдө этият болуу керектигин эскертип жатышат. 

Ошондой эле табигый жаратылышты сактоого, таштандыны ар кайсы жерге таштабоого чакырышууда. Мындан сырткары Арстанбап аймактык милиция бөлүмчөсү тарабынан жергиликтүү тургундар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 

Көчөлөрдө, соода жайларында, ашканаларда санитардык эрежелердин сакталуусу текшерилип, тиешелүү нормалар сакталбаган жайларга эскертүүлөр берилүүдө.