Жаңылыктар
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Түркиядан 5 медаль жеңди
Спорт
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Түркиядан 5 медаль жеңди

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 5 медаль жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясы билдирди.Маалыматка ылайык, “Yaşar Doğu 2021” мелдеши 25-27-июнь күндөрү Стамбул шаарында өткөрүлгөн. 

65 кг салмакта чыккан кыргызстандык Эрназар Акматалиев жана Алибек Осмонов бардык каршылаштарын жеңип, финалга чейин жетип барды. Чечүүчү беттеш эки балбандын бир-бирине сый-урматы жана макулдугу менен болгон жок. Алибек Осмонов алтын, Эрназар Акматалиев күмүш медаль тагынды.

57 кг салмак ченинде күч сынашкан Алмаз Сманбеков күмүш жеңсе, Мырзаназар уулу Бекболот коло тагынды. Ошондой эле, 61 кг салмактагы Улукбек Жолдошбеков коло медаль жеңип алды.