Жаңылыктар
“Кумтөрдө” өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн каражат тууралуу маалымат
Кыргызстан жаңылыктары
“Кумтөрдө” өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн каражат тууралуу маалымат

“Кумтөр” компаниясына убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн каражат тууралуу түшүндүрмө берди. Ишкананын расмий сайтына чыккан маалыматка караганда, бул убакыт аралыгында 44 миң унций алтын сатылды. 

Анын жалпы баасы 82 миллион 234 миң доллар болду. Анын ичинен 41 миллион 952 миң доллар өндүрүштүк чыгымдарга кетип, дүң киреше 40 миллион 282 миң долларга жетти. Бул боюнча ишкананын убактылуу тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк дагы маалымат берди. 

“Биз 40 миллион доллардан ашык таза пайда көрдүк. Ал акча менен апрель, май айларында төлөнбөй калган карыздарды жаптык. Май айында керектүү тетиктерди сатып алууга мүмкүнчүлүк болду. Андан тышкары айлыкты да убагында бердик. Финансылык жактан азыр жакшы элебиз”, - деди ал. 

Буга чейин “Кумтөр” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизилгенден кийин өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн таза киреше 40 миллион 282 миң доллар экени айтылган. 44 миң унций алтын жалпы канчага бааланганы тууралуу толук маалымат берилбегени коомчулукта суроо жараткан.