Жаңылыктар
Алиярбек Абжалиев мамлекеттин эсебине 20 миллион сом кайтарып берди
Коррупция
Алиярбек Абжалиев мамлекеттин эсебине 20 миллион сом кайтарып берди

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекеттин эсебине 20 млн сом кайтарып берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекетик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Эскерте кетсек, УКМК тарабынан ЖК депутаты Абжалиев боюнча мыйзамсыз баюу фактысы аныкталган. 

Абжалиев ЖК депутаты болуп турганда, андан тышкары Кыргызстандын экс-президенти менен туугандык мамилелеринен пайдаланып, мамлекеттик органдардын иштерине активдүү кийлигишип, ошол эле учурда жеке түзүмдөрдүн кызыкчылыгын мамлекеттин зыянына учуратканы аныкталган. 

Ал мамлекеттик кызматтарда иштеп жатып, өзүнүн расмий кирешеси менен салыштырып болбой турган мүлктүк активдерди, атап айтканда 20дан ашык элиталык батирлерди, Бишкек шаарынын VIP-шаарчаларындагы турак үйлөрдү, Ысык-Көл облусундагы пансионатты, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагынан жер тилкелерин, ошондой эле Түркия жана БАЭдеги кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылганы белгилүү болгон. 

Муну менен катар Абжалиев Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдү жана башка коммерциялык объектилерди куруу үчүн курулуш компаниялардын бирине, тактап айтканда Кайыңды кабель заводуна, ошондой эле көмүр жана алтын кендерине олуттуу каражат жумшаган.