Жаңылыктар
"Түндүк электр" ишканасы 29-июндан тартып карызы бар абоненттерди аралыктан өчүрөт
Кыргызстан жаңылыктары
"Түндүк электр" ишканасы 29-июндан тартып карызы бар абоненттерди аралыктан өчүрөт

"Түндүк электр" ишканасы 29-июндан тартып карызы бар абоненттерди аралыктан өчүрө турганын эскертет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, "Түндүк электр" ишканасынын электр энергиясына мониторинг жүргүзүү жана өлчөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутуму дебитордук карызы үчүн Бишкек шаарындагы 6 миң 800дөн ашуун үй абоненттерин аралыктан өчүрөт. 

Андыктан ишкана кардарларды электр энергиясына болгон төлөмдөрдү убагында төлөөгө чакырат. Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы тиричилик абоненттеринин дебитордук карызы 3 млн сомдун тегерегинде.