Жаңылыктар
Кызматташтыктын келечектүү мүмкүнчүлүктөрү
Саясат
Кызматташтыктын келечектүү мүмкүнчүлүктөрү

«Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаңы келечектүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Бир катар актуалдуу эл аралык жана региондук маселелерде, анын ичинде тынчтык, коопсуздук, жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүүдө өз ара толук түшүнүшүү бар жана позицияларыбыз жакын», - деди Президент Садыр Жапаров Ашхабад шаарында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө. 

Эки өлкө лидерлери кыргыз - түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык, отун-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташууну талкуулашты. 

Жапаровдун белгилешинче, Кыргызстан менен Түркмөнстан - жакын дос, стратегиялык өнөктөш жана боордош өлкөлөр. Президент Кыргызстан Түркмөнстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө алган багытын толугу менен карманарына дагы бир жолу ишендирди, эки тараптуу өнөктөштүктүн чоң дараметин мындан ары да чыңдоо, өнүктүрүү үчүн күч-аракетин болушунча жумшоого даяр экенин билдирди. 

Айтымында, өз ара байланыштардын артыкчылыктуу багыттарынын бири - соода-экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүү болуп саналат. Эки өлкө соода, энергетика, транспорт жана агроөнөр жай комплекси жаатында олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Мамлекет башчысы Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго катышууга бардык зарыл шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, ал долбоорлорго түркмөн бизнеси кеңири катышарына үмүт артты. Садыр Жапаров белгилегендей, кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири - бул туризм чөйрөсү. 

Ошондой эле сапаттуу түркмөн текстили менен кыргыз кийим тигүү тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүгө боло турган жеңил өнөр жай тармагы дагы чоң потенциалга ээ. Жапаров кыргыз-түркмөн мамилелеринин кеңири чөйрөсү боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү эки өлкөнүн кызыкчылыктарына толук жооп бере тургандыгын ырастап, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.