Жаңылыктар
Нурсултан Кеңешбеков жана Мусулман Жоломанов Беларусь Республикасынын чемпионатында 4 медаль жеңди
Спорт
Нурсултан Кеңешбеков жана Мусулман Жоломанов Беларусь Республикасынын чемпионатында 4 медаль жеңди

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 24-26-июнь күндөрү Минск шаарында (Беларусь) өткөн Беларусь Республикасынын чемпионатында 4 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Маалым болгондой, Нурсултан Кеңешбеков 5000 метр аралыкта (13.55,77) алтын медаль жана 1500 м аралыкта (3.43,63) коло байгенин ээси болду. Ал эми Мусулман Жоломанов 1500 жана 800 м аралыкта күмүш байгеге тагынды.

Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.